“Милан” Кларенс Зеедорфтун башкы машыктыруучу болгонун жарыялады

Кечээ, 16-январда италиялык “Милан” футболдук клубу экс-футболчу Кларенс Зеедорфтун командага башкы машыктыруучу болуп дайындалганын раймий сайты аркылуу жарыялады.  

Маалым болгондой, бразилиялык “Ботафого” клубунда ойноп жаткан голландиялык футболчу карьерасын жыйыштырып, дароо машыктыруучулукту баштады. Келишимдин канча убакытка түзүлгөнү жана клуб ага машыктыруучулук кызматы үчүн канча каражат сунуштаганы азырынча белгисиз.  

Эске салсак, “Милан” буга чейинки башкы машыктыруучусу Массимилиано Аллегрини 13-январда кызматтан айдаган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан