ӨКМдин суучулдары Ысык-Көлдөн 4 саатта 2000 метр узундуктагы тор чыгарышты

Бүгүн, 5-октябрь күнү ӨКМдин суучулдары Ысык-Көл облусунун Тоң районунан 4 саатта 2000 метр узундуктагы синтетикалык тор чыгарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, буга чейин да суучулдар аба ырайынын туруксуздугуна карабай күн сайын тазалоону жүргүзүп келишкен.

Белгилей кетсек, ӨКМдин суучулдары 2025-жылдан бүгүн күнгө чейин Ысык-Көлдөн жалпы 70 200 метр балык уулоочу тор жана 6935 килограмм таштанды чыгарышкан. Мекеме бүгүн да тазалоо активдүү жүрүп жатканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан