Мушкер Эрбол Баратахунов III КМШ оюндарында күмүш байге утту

Кечээ, 5-октябрда Азербайжандын Евлах шаарындагы Олимпиадалык спорттук комплексте III КМШ оюндарынын алкагында кыргызстандык мушкер Эрбол Баратахунов бокс боюнча күмүш байге утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалымдагандай, ал 30-сентябрда азербайжандык Ибрахим Бэдэллини 3:2 эсебинде жеңсе, 3-октябрда беларустук спортчусу Михаил Мельниченкону 5:0 эсебинде утуп, финалга жолдомо алган.

Чечүүчү беттеште Баратахунов өзбекстандык Бехрузжон Рахаталиевге 0:5 эсебинде жеңилип, III КМШ оюндарынын вице-чемпиону аталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан