Жалал-Абад облусунда 5 килограмм гашиш менен чет элдик жаран кармалды. Бул туралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат ал Ноокен районундагы Достук айылынын Лола тилкесинде чек арага жакын жерде колго түшкөнүн белгиледи. Шектүү аталган өлчөмдөгү баңгизатты сатып алып, аны Өзбекстанга өткөрүп берүүнү пландаган.
Чет элдикке карата Кылмыш жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) 3-бөлүгү (Ири өлчөмдө) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери уланууда.