Биз социалдык тармакта

Бишкекте алкоголдук ичимдиктерди өндүргөн жашыруун цех табылды

Бишкекте контрафакттык алкоголдук ичимдиктерди өндүргөн мыйзамсыз цех аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, цех борбор калаанын Свердлов районунда жайгашкан. Имаратты текшерүү учурунда мыйзамсыз 151 бөтөлкө алкоголдук продукция жана эски үлгүдөгү акциздик маркалар табылган. Цехтин ээлери продукцияны жок кылууга аракет кылып, качып кетишкен.

"Рейддик салыктык көзөмөлгө тоскоолдук көрсөтүлгөнүн маалыматтарды каттоо электрондук журналына каттоо үчүн милиция кызматкерлери чакырылган. Салык кызматынын инспекторлору тиешелүү актыларды түзүштү, ал эми материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет",- деп айтылат маалыматта.

Бишкекте алкоголдук ичимдиктерди өндүргөн жашыруун цех табылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан