Күрөш боюнча Сербияга Дүйнө чемпиондугуна бара турган жаш курамдын тизмеси жарыяланды

20–27-октябрда Сербиянын Нови-Сад шаарында өтө турган 23 жашка чейинкилер арасындагы эркин күрөш жана грек-рим боюнча Дүйнө биринчилигине баруучу Кыргызстан курама командасынын тизмеси жарыяланды.

Эркин күрөш боюнча турнирде жалпысынан 10 салмак чени боюнча медалдар ойнотулат. Кыргызстандык курама команда бул турнирге төмөнкү балбандарды жиберүү алдында турат.

Эркектер арасындагы эркин күрөш курамасы:

  • 57 килограмм — Мухаммадрасул Салиев;
  • 61 килограмм — Өмүрбек Асан уулу;
  • 65 килограмм — Билол Шарип уулу;
  • 70 килограмм — Адис Рахат уулу;
  • 74 килограмм — Байтемир Түлөбердиев;
  • 86 килограмм — Мухаммад Абдуллаев;
  • 92 килограмм — Улукбек Сооронбеков;
Эркин күрөш боюнча кыз-келиндер курамасы:
  • 55 килограмм — Арууке Кадырбек кызы;
  • 59 килограмм — Сезим Жуманазарова;
  • 65 килограмм — Дилназ Сазанова;
  • 68 килограмм — Гүлнура Таштанбекова;
  • 72 килограмм — Нурзат Нуртаева;
  • 76 килограмм — Кайыркүл Шаршебаева.
Ггрек-рим күрөшү боюнча курама:
  • 55 килограмм — Нурболот Бердикулов;
  • 60 килограмм — Кубаныч Арынов;
  • 63 килограмм — Куттубек Абдуразаков;
  • 67 килограмм — Баяман Каримов;
  • 72 килограмм — Ырыскелди Хамзаев;
  • 77 килограмм — Нурэл Дүйшөнбеков;
  • 82 килограмм — Бекзат Орункул уулу;
  • 87 килограмм — Артыкбек Алымбек уулу;
  • 97 килограмм — Нурманбет Райымалы уулу;
  • 130 килограмм — Бекболот Токтогонов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан