
Бүгүн, 6-октябрга караган түнү болгон жер титирөөдө жабыр тарткан имараттар тууралуу алдын ала маалыматтар берилди.
ӨКМдин маалымат борбору билдиргендей, Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айыл аймагынын Башкы-Терек айылында жайгашкан 1 мектеп, 1 бала бакча, 1 ФАПтын, 3 турак үй, Коргон-Сай айылында 2 турак үй, Курулуш айылында 1 турак үй жана Чакмак-Суу айылында 1 ФАПтын имаратынын дубалынан майда жаракалар кеткен.
Ал эми Талас облусунун Айтматов районундагы жер титирөөнүн кесепетинен Шекер айылында 1 мектеп жана Манас районунун Семетей айылында 1 мектеп, Жайылган айылында 1 мектептин имаратынын дубалынан майда жаракалар аныкталды.
"Жалпы 6 турак үй, 4 мектеп, 1 балдар бакча, 2 ФАПтын имаратынын дубалдарынан майда жаракалар кеткен. Жеринде министрликтин жарандык коргонуу боюнча адистери иш алып барууда", - деп белгиленген маалыматта.
Белгилей кетсек, Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 6-октябрь түнкү саат 02:29да Кыргызстандын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 6 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.