
Кечээ, 6-октябрда Азербайжандын Мингечевир шаарындагы “Кюр” олимпиадалык окуу-спорт борборунда III КМШ оюндарынын алкагында байдарка менен сүзүү боюнча мелдештер жыйынтыкталды.
500 метрлик аралыктын жуптук жарышында Кыргызстандын спортчулары Урмат Ыманбеков менен Эрбол Сарыкалпаков экинчи болуп келип, күмүш медаль тагынышты.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдиргендей, эки күндүк мелдештин жыйынтыгында кыргызстандык байдаркачылар жалпы үч медаль жеңишти.