Акыркы сутка ичинде республика аймагында 15 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги бүгүн, 17-январда билдирди.
Маалыматка караганда, Чүй облусунда 3, Бишкек шаарында 3, Ош шаарында 1, Ысык-Көл облусунда 1, Баткен облусунда 1, Нарын облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Талас облусунда 3 өрт кырсыгы катталган.