
Өлкө аймагында акыркы суткада, 7-октябрда 15 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 16 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 5, Ош шаарында 1, Ош облусунда 2, Чүй облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 3 өрт кырсыгы болду.
ӨКМ кыргызстандыктарды өрт коопсуздугун сактоого чакырат.