Чынарбек Изабеков Венгриянын Татабания шаарында өтүп жаткан ардагерлер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын байге утту. Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясынан билдиришти.
Ал 51-55 жаштардагы спортчулар менен 100 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашкан. Изабеков алгачкы беттешинде молдовалык атаандашын 9:3 эсебинде жеңсе, чейрек финалда италиялыкты 10:0 эсебинде уткан. Андан соң финалга чыгуу үчүн түркиялык балбанды 3:0 эсебинде жеңип алган.
Чечүүчү беттеште Изабеков америкалык Элвин Риггсти 6:2 эсебинде утуп, Дүйнө чемпиону аталды.
Муну менен Чынарбек Изабеков ардагерлер арасында дүйнөнүн 5 жолку чемпиону болду. Ал буга чейин 2015, 2016, 2021 жана 2022-жылдары чемпиондук наамга ээ болгон.
Айта кетсек, Изабеков Олимпиаданын күмүш жана коло байгелеринин ээси Мээрим Жуманазарованын машыктыруучусу.