Кыргызстандык ардагер балбандар күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда 5 медаль жеңишти

Кыргызстандык спортчулар Венгриянын Татабанья шаарында өтүп жаткан ардагерлер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда 5 медаль жеңишти.

Биринчи күнү эки жаш курактык дивизион боюнча 12 медаль топтому ойнотулуп, Кыргызстандан килемге 10 спортчу чыгып, алардын үчөө медаль утуп алышты.

78 килограммга чейинки салмакта Эсенбек Байматов жана 88 килограммга чейинки салмакта Роман Сарыбаев финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынышты. Ал эми 130 килограммга чейинки балбандардын арасынан Аскер Эфендиев коло байгенин ээси болду.

Ал эми турнирдин экинчи күнүндө Чынарбек Изабеков алтын медаль утуп алса, Таалайбек Жанаев коло медаль жеңди.

Жалпысынан Кыргызстандын капчыгында 1 алтын, 2 күмүш, 2 коло бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан