Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 2013-жылы аймакта 266 баңгизатка байланыштуу кылмыш иши аныкталган. Алардын 241и баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо фактысы боюнча болсо, 18и маңзат жасоо катары катталган. Мындан сырткары 4 баңгизатын мыйзамсыз себүү, 3 баңгизат алуучу уюк аныкталган. Жалпысынан 289 килограмм 665 грамм маңзат алынып, 2012-жылга салыштырмалуу 50 килограммга көп экени белгилүү болгон.