Футбол боюнча Кыргызстан жаштар курама командасы машыгуу сборун улантууда

Футбол боюнча Кыргызстан жаштар курама командасы "Шериктештик кубогу-2014" мелдешине даярдык иретинде Катарда машыгуу сборун улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда КРнын Футбол федерациясынан маалымдашты.  

Маалыматка ылайык, кечээ, 16-январда жаштар курама командасы толук курам менен өспүрүмдөр арасындагы өтүп жаткан “Al Kass International” мелдешинде  “Манчестер Сити”-“Aspire” командаларынын оюнуна күбө болду. Андан тышкары Доха шаарында машыгуу сборун өткөрүп жаткан орусиялык “Зенит” клубунун машыгуусуна көз салышты. Бүгүн, 17-январда команда эс алат. 20-январга жаштар курама командасы менен жергиликтүү “Аль Харитият” клубунун ортосунда жолдоштук беттеш орун алат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан