Чүйдө 14 жаштагы кызга кол салган зөөкүр кармалды

Чүй облусундагы Садовое айылында белгисиз эркек киши 14 жаштагы кызды муунтуп өлтүрүүгө аракет кылган. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашып, шектүү кармалганын билдирди.

Маалым болгондой, окуя кечээ, 10-октябрда болжол менен саат 18:00 чамасында Ситникова жана Олег Кашевой көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кыздын апасы милицияга кайрылып, кызына белгисиз адам кол салганын билдирген.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренелери (Киши өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Натыйжада шектүү кармалып, ал мурда соттолгон 1994-жылы туулган А.Р. экендиги такталды.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2025-10-12 20:50:00
Айылыңардын аты аз келгенсип көчөңөрдүн аты кантет?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан