Бишкекте "опузалап акча талап кылып жүргөн" деген шек менен 9-10-класстын окуучулары кармалышты

"Бишкекте окуучулардан акча талап жүргөн балдар кармалышты" деп билдирди бүгүн, 17-январда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, милиция бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну Н.Кудуреткан "2013-жылдын ноябрь-декабрь айларында №46-орто мектепте окуган уулум Ы.Таланттан 9-10-класстын окуучулары Чоро жана Тайыр аттуу балдар 50-100 сомдон талап кылып жүрүшкөн" деген арыз менен кайрылган. 
Арыздын негизинде Свердлов райондук милициясынын (жаш өспүрүмдөр) аймактык тескөөчүсү тарабынан Бишкек шаарынын Керамическая көчөсүнүн тургуну  К.уулу Таир, ошол эле көчөнүн тургуну Б.Талгат, Ак-Босого жаңы конушунун тургуну К.Эржан,  Ж.Чоробек кармалып, тергөө бөлүмүнө тапшырылган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Тергөөнүн жүрүшүндө жогоруда аты аталган балдар ушундай сыяктуу кылмыштын дагы 2 фактысына тиешелери бар экендиги аныкталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан