Кыргызстандык параатлеттер Япониядагы мелдештен байгелүү кайтышты (фото)

Японияда өткөн Asia Triathlon Para Championships & Para Cup мелдеши жыйынтыкталып, кыргызстандык параатлеттер мыкты жыйынтык көрсөттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалым болгондой, PTVI категориясы боюнча Гүлназ Жүзбаева алтын медаль, Дастан Камчыбеков күмүш медаль, ал эми Жалалдин Абдувалиев коло медаль тагынды.

PTWC категориясы боюнча Сезим Мейманбаева күмүш медаль утту.

Белгилей кетсек, Сезим Мейманбаева триатлон боюнча мелдешке биринчи жолу катышып, байгелүү орунга ээ болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан