Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы бүгүн Кувейтте кезектеги жолдоштук оюнун өткөрөт

Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы АФКнын Чакырык кубогуна даярдыгынын алкагында бүгүн, 17-январда кувейттик клуб менен кезектеги жолдоштук оюнун өткөрөт. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, курама команданын атаандашы Кувейттин жогорку лигасында ойногон “Аль Араби” клубу болот. Бул оюн курама команданын машыгуу сборунун алкагында өткөргөн үчүнчү оюну болот. Буга чейин кыргыз футболчулары “Аль-Сулайбихат” (2:2 эсебинте тең ойногон) жана “Аль-Сальмийе” клубдары менен (1:3 эсебинде утулган) ойногон. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан