Өлкө аймактарында акыркы суткада, 12-октябрда, 29 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 33 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, Бишкек шаарында 6, Ош облусунда 7, Талас облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 9, Нарын облусунда 1, Баткен облусунда 2 өрт кырсыгы болду.
ӨКМ жарандарды өрт коопсуздугун сактоого чакырат.