
Ошто адам өлүмүнө шектелип, издөөдө жүргөн жаран Орусиянын борбору Москва шаарынан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Кыргызстандын ИИМинин басма сөз кызматы билдирди.
Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, 2023-жылы Ош шаарынын аймагынан 1990-жылы туулган А.М. аттуу жарандын жансыз денеси табылган. Бул кылмыш ишин жасоого шектелген жарандын өздүгү такталып, ал 2004-жылы туулган Б.Ж. болуп чыккан.
Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинде (Адам өлтүрүү) каралган кылмыш иши боюнча эл аралык издөө жарыяланган.
Учурда шектүүнү өлкөгө алып келүү иштери жүрүүдө.