Бүгүн, 13-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп жаткан 2026-жылкы U17 Азия Кубогунун тандоо оюну кызуу темпте өтүүдө. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Беттештин биринчи таймы 1:1 эсебинде аяктады.
Голду 34-мүнөттө Акмарал Саякбаева киргизди. Индия да жооп кайтарып, эсепти теңештире алды.
Биринчи бөлүк аяктап, оюнчулар тыныгууда.