2026-жылкы U-17 Азия Кубогунун тандоо турундагы оюнда Кыргызстандын футбол боюнча кыздар курамасы индиялыктардан жеңилип калды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Маалым болгондой, беттеш 1:2 эсебинде Индия курамасынын жеңиши менен жыйынтыкталды.
Кыргызстан курамасынан 34-мүнөттө Акмарал Саякбаева гол киргизип, биринчи тайм тең чыгуу менен аяктап, бирок индиялык оюнчулар экинчи таймда дагы бир голун киргизди.
Айта кетсек, беттеш Бишкектин борбордук стадионунда орун алды.