Таластын Бакай-Ата айылында жеке менчикке өтүп кеткен турмуш-тиричилик комбинаты мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, эки кабаттуу турмуш-тиричилик комбинаты мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталган. Имарттын аянты 937 чарчы метр болуп, ал эми имарат жайгашкан жер 0,16 гектар жалпы аянтты түзгөн.
Тийиштүү иш-чаралардын жүргүзүлүшүндө аталган имарат жер тилкеси менен бирге Бакай-Ата айыл өкмөтүнүнө кайтарылып берилди.
УКМК учурда Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн имараты авариялык абалда болгондуктан ал имратка айыл өкмөтүнүн эмгек жамаатын жайгаштыруу иштери мерчемделип жатканын кошумчалады.