25-30-январь аралыгында Бишкекте тогуз коргоол боюнча шаардын биринчилиги өтөт. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдешке 40тан ашуун спортчу катышат. Жеңүүчүлөр швейцариялык систем боюнча 7 тур оюндарынын жыйынтыгында топтогон упайларынын негизинде аныкталат.