Футбол боюнча Кыргызстан – Өзбекстан кыздар беттеши шоу-программа менен коштолот

Эртең, 15-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргызстандын кыздардан турган футбол боюнча курамасы Өзбекстан менен беттешет. Оюн саат 19:00дө башталат, ал эми шоу-программа 17:00дө старт ала тургандыгын Кыргыз футбол биримдиги билдирди.

Күйөрмандар үчүн атайын көңүл ачуучу иш-чаралар уюштурулат. Программанын Айжан Аденова алып барса, Ильяз Абдыразаков жана Каныкей ырдап, DJ Aigerim NZRдин музыкалары менен коштолот.

Кирүү акысыз! Болгону @kassir.kg сайтына кирип орундукту брондоо зарыл. Ал эми шоу-программада баалуу белектер ойнотулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан