
Ысык-Ата районунда жайгашкан Ивановка айылындагы христиан көрүстөнүндө мүрзөлөрдү бузган өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы маалымдады.
6-октябрь күнү милицияга белгисиз адамдар мүрзөлөрдүн таштарын кичине баллондогу сыр менен боёп кетишкени тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, бир нече мүрзө таштары сырдалганы аныкталган.
Иликтөө иштеринин жыйынтыгында 2008-жылы туулган, жашы жете элек С.Р. аттуу өспүрүм шектүү катары кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилди.
Учурда тергөө уланууда. Милиция окуя боюнча мыйзамга ылайык чечим кабыл алынарын билдирди.