Биз социалдык тармакта

Нарын районунда жол кыймылы бөлүмүнүн башчысы алдамчылыкка шектелип кармалды (фото)

Нарын РИИБинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы К.Н. алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен УКМК 9-октябрда биргелешкен ыкчам иш-чара жүргүзүп, кызматтык абалынан пайдаланган деп шек саналып жаткан К.Н.ны кармашкан.

Ал Нарын шаарынын тургуну А.Б.дан акча каражатын алдоо жолу менен мыйзамсыз ээлеп алган деп айыпталууда.

Учурда шектүү Ат-Башы райондук ИИБинин убактылуу кармоочу жайында. Соттун чечими менен ага карата 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы колдонулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан