60 жаштагы адамды балдары жана неберелеринин көзүнчө аткылап салган кылмышкерди сот эркиндикке чыгарды

60 жаштагы адамды балдары жана неберелеринин көзүнчө аткылап салган кылмышкерди сот эркиндикке чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда маркумдун үй-бүлөсүнүн адвокаты Айбек Касымов билдирди.

Анын айтымында, өлтүрүү фактысы 2013-жылы 17-августта саат 23:50 чамасында Сокулук районунун Восточное айылынын Тимирязев көчөсүндө болгон. Магомед Курбанов неберелери менен тамактанып олтурганда айылдаштары анын телефонуна чалып, сыртка чыкырышат. Андан соң 15 мүнөттүн ичинде аткылап салышкан. Окуядан соң айылдаштары Бахмудгажи Баганов жана Али Исаев кармалган.

Маркумдун аялы Хадижат Курбанованын айтымы боюнча, өлтүрүүгө алардын ортосунда көптөн бери келе жаткан чыр-чатактар себеп болгон. “Учурда биз коркуп жатабыз. Балдарыбыз мектепке барбай калышты. Бизди коргогон эркектер жок. Туугандарыбыз Дагестанда турушат”,- деп билдирди Хадижат Курбанова.

 “Биздин негизги максатыбыз - бул кылмыш иш боюнча кайра тергөө жүргүзүү. Себеби Свердлов районунун соту Бахмудгаджи Багановду СИЗОдон эркиндикке чыгарды. Ал эми Али Исаевдин кылмыш ишин  “кокустуктан өлтүрүү” беренесине өзгөртүп жеңилдетти”,- деп үй-бүлөнүн адвокаты кабарлады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Sarabanda
2014-01-17 14:46:35
Хееех, адам олтургунор келсе кыргызстанга баргыла деш керек экен....
+5
Aselina_kg
2014-01-17 14:52:17
Акыйкаттык,чындык качандыр бир келээр бекен биздин Кыргызстанга!Акча дегенде коздору тумандап,озун жоготуп коюшат биздин патриоттор!
+5
misha00
2014-01-17 17:42:43
Умутсуз адам болбойт бир кун кыргызстанга да акыйкат бийлик келээр.Ошол кунду короор бекенбиз
+1
neizvet
2014-01-17 18:23:31
sarabanda/ туура айтасын кыргызстанда закон иштебейт.адам олтуруу тоок олтургондой болуп калды.
+4
asad9
2014-01-17 19:36:33
урматтуу соттор акча дегенде абийиринерди сатпагыла. Арам оокат менен катын баланарды бакпагыла. алар да кийин озунордой болуп калат
+3
asad9
2014-01-17 19:37:58
купук
0
zaika_84
2014-01-17 20:17:49
АШАнын мезгилида.Боло берет.АША озу деле самолет менен жылуу жумшак узатып ийдиго."Балык башынан сасыйт"деген улуу кеп бар бизде.
+2
INailia
2014-01-17 22:38:45
zaika_84, АШАнын эмне тиешеси бар,айтчы?же ал олтурттубу?!
-1
femida
2014-01-19 12:45:57
INailia, АШАнын тиешеси болбосо токон эшбаевдин тиешеси барбы анан баарын каттуу тартипке келтирип эзелектерди алып келип алган катынга окшогондорду акча десе оздорун да сатып жиберет ошондо кимдин тиешеси бар,батукаевге да туздон туз тиешеси бар
0
maksatbekova
2014-01-17 23:47:05
Акыйкаттык жок заман. Акчага сатылып журуп не болушар экен.
+1
piter93
2014-01-18 02:16:22
ошол акча алып кыолмышкерди еркиндике чыгарган сот кызматкерлеринин жакын адамын олтуруп олтургон адамды соттобой еркиндике чыгарып коюш керек ошондо гана тушунот акмактар
+1
bakay93ka
2014-01-18 11:32:27
кытайда адам олтургонду катуу жазалайт ал еми бизде болсо наборот соотторду озун олтуруш керек
+2
emilkyrshab
2014-01-18 11:41:00
Азаматсынар урматтуу акыйкат соттор, сиздерге "ааламда эч ким жасай албаган эрдикти жасагандыгы учун" деген тош белги беруу зарыл, мындай иштер адамдын эмес, айбандын да колунан келбейт. Силерге Данк!!!
+1
belekov81
2014-01-18 11:49:51
Акмактар десе
+2
Zarlyk.322
2014-01-19 13:20:14
Kyrgyzstanda adilettuuluk biylikten ele olgondon kiyin kalgany kayda barmak ele.bizde myizam 90% iwtebeit 10%iwtese dagy al karapaiym kalk u4un iwtep jatatda.azyrky biylikke eldin iwenimi jok boluw kerek
0
bakti-88
2014-01-20 03:53:46
Кудай урсун силерди,акиретинерди ойлргула соттор,ошол адамдын арбагы урсун силерди .
0
bakti-88
2014-01-20 03:54:55
акчанар арам болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан