Бүгүн, 15-октябрда Бишкекте 2026-жылкы U17 Азия Кубогунун тандоо турунун алкагында Кыргызстандын 17 жашка чейинки кыздар курама командасы өз талаасында Өзбекстанды 2:1 эсебинде жеңип алды.
Кыргыз футбол биримдиги билдиргендей, голдордун ээлери Сумаййа Махаматсалиева жана Акмарал Саякбаева.
Бул жеңиш Кыргызстандын кыздар командасы үчүн маанилүү болуп, U17 Азия Кубогунун кийинки баскычына чыгуу мүмкүнчүлүгүн сактап калды.