Бишкек шаардык соту Рахмат Амираевдин 11 жылдык жаза өтөө мөөнөтүн 2,3 миллион сом өлчөмүндө айып салуу жазасына алмаштырды

2013-жылдын 27-декабрында Бишкек шаардык соту ИИМ Академиясынын башчысынын мурдагы орун басары Рахмат Амираевдин 11 жылдык жаза өтөө мөөнөтүн 2,3 миллион сом өлчөмүндө айып салуу жазасына алмаштырды. Бул туурасында Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМ Академиясынын башчысынын мурдагы орун басары Амираев КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 313 (пара алуу), 304 (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) беренелери боюнча айыпталган.   

Эске сала кетсек, 2013-жылдын 28-октябрында Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Амираевди 11 жылга эркинен ажыраткан.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
kalbek87
2014-01-17 15:32:07
ана кызык акчан болсо каалганынды кыл да 10 жылбы 20 жылбы алып туруп акчага алмаштырып чыгып кете бер.
+1
Aviator
2014-01-17 17:05:01
Бизнес
+1
Bodibilding
2014-01-17 18:00:16
Мына сага бизнес
+1
zaika_84
2014-01-17 20:20:22
Карупцияга каршы курош ушундай Кыргызстанда.
+1
misha00
2014-01-17 20:46:39
байлыгы мамлекетке откон болсо соттолгондо эми кайсы акчасын толойт комгон жери барго
+3
betman
2014-01-17 21:34:47
Бул не деген нерсе, коррупцияга каршы курошуубу же коррупцияны мындан ары да онуктурууго шарт тузуп беруубу?
+1
aitowa11
2014-01-18 04:06:53
Буларда акча копта. Андан коро камалыш керек отурганына 1жыл да боло элекго. Эмне же болобереби чондорго? Закон толька кедейлер, карапайым калк учун иштейт бизде.
0
emilkyrshab
2014-01-18 12:01:47
Ана сага, 5 миллион пара ал да, 2, 3 миллион сотко берсен, сен эркин адамсын, эч нерсе жасабагандай, бирок 2, 7 миллион киреше бар, банкрот жок. Коррупцияга баш оту менен киришуу программасы, коррупцияга белинен эмес башка жеринен да батсан болот мындайда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан