Кениянын борборунда мурдагы премьер-министри Раила Одинганы акыркы сапарга узатуу зыйнаты башалмандык менен аяктаганын чет элдик басылмалар жазышты.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты стадиондо өткөн. Анда Одинганын жактоочуларынын массалык чогулушу башаламандыкка алып келген. Чогулгандар коопсуздук күчтөрүнө отургучтарды, ар кандай буюмдарды ыргыта башташкан. Жаңжал чыккандан кийин полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, эскертүү иретинде асманга ок чыгарган. Мындан улам чогулгандар дүрбөлөңгө түшкөн.
Окуяда төрт адам каза болуп, бир нечеси оор жаракат алганы айтылууда.