Биз социалдык тармакта

Ош аэропортунда чет элден келген жарандардан опузалап акча талап кылгандар кармалышты (видео)

16-октябрда Ош облустук милициясынын Кылмыш иликтөө кызматы жана УКМК кызматкерлери тарабынан Ош эл аралык аэропортунун аймагында жарандардан опузалап акча талап кылууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, июлда аэропорт–Достук багытындагы маршруттук каттамынын айдоочуларынын жумушуна өздүгү аныкталбаган жарандар тарабынан тоскоолдуктар жаратылып, учак менен учуп келген чет элдик жарандарды коркутуп, алардын эркине каршы жол кире акысына белгиленген суммадан ашыкча алышып, мыйзамсыз аракеттерге барып жаткандыгы тууралуу маалымат катталган.
Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесиндеги (Опузалап талап кылуу) кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган.
Натыйжада кылмышка шектүү катары мурда бир нече ирет соттолгон 1984-жылы туулган А.Д. жана 1991-жылы туулган А.Р. аттуу жарандар кармалды.
Тергөө иштери уланууда.
Ош аэропортунда чет элден келген жарандардан опузалап акча талап кылгандар кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан