Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдө көк бөрү оюнунда чыккан чыр адам өлүмү менен аяктады

Ысык-Көл облусунун Жеңиш айылында өткөн көк бөрү оюнунда Тилекмат жана Саруу айылдарынын командалары ортосунда жаңжал чыгып, 34 жаштагы оюнчу катуу сабалып каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда облустук милициядан кабарлашты.

Окуя 10-октябрда болгон. Анын кесепетинен 23 жаштагы оюнчу да жаракат алган.

Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден-соолука оор жаракат келтирүү, этиятсыздыктан адамдын өлүмүн алып келсе) жана 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун (Бейбаштык) негизинде кылмыш иштери козголуп, 4 шектүү кармалды.

Учурда кармалган жарандар соттун чечими менен 2 айга камакта калтырылды. Тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан