
Ош шаарынын Маматисаков көчөсүнүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдөгү
өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМдин шаардагы бөлүмү билдирди.
Маалымат боюнча 8 бөлүм, 2 автошаты, ыкчам топ, Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу жана штаб тартылган. Жеринде кошумча ИИМдин, "Тез жардам" кызматынын жана РЭТтин кызматкерлери иш алып барууда.
Жалпы 200 адам эвакуацияланды. Жабыркагандар жок. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.