Биз социалдык тармакта

Кыргыз армиясы "Бирлик – 2025" эл аралык аскердик машыгуусуна катышууда (видео)

Кыргыз армиясы "Бирлик – 2025" эл аралык аскердик машыгуусуна катышып жатканын Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, Өзбекстандын "Каттакурган" полигонунда "Бирлик – 2025" аталышындагы эл аралык аскердик машыгуулардын активдүү фазасы башталды. Бул машыгууларга беш мамлекеттин – Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын Коргоо министрлигине караштуу аскер бөлүктөрү катышууда.

"Учурдагы машыгуу Өзбекстандын Коргоо министрлиги тарабынан уюштурулган эң ири жана маанилүү эл аралык аскердик иш-чаралардын бири болуп саналат. Анын негизги максаты – өлкөлөр ортосундагы ишенимди бекемдөө, аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү, жана аймактагы коопсуздук коркунучтарына биргелешип каршы туруу", - деп белгиленет маалыматта.

Кыргыз армиясы "Бирлик – 2025" эл аралык аскердик машыгуусуна катышууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан