Биз социалдык тармакта

Кайыңды шаарындагы бала бакча менен Маданият үйү мамлекеттин менчигине кайтарылды

Чүйдүн Кайыңды шаарында мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча менен Маданият үйү мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызмат аталган мүлктөр 1999-жылы А.В. аттуу жаранга өткөрүлүп берилгени аныкталганын белгиледи. Ал өзү да жалпы аянты 2 миң гектардан ашык социалдык объектилерди мыйзамсыз менчиктештирүү болгонун моюнуна алган.

Натыйжада жаран аталган объектилер менен бирге баасы 641 миллион 449 миң сомду түзгөн 1,25 гектар жер тилкесин Кайыңды шаарынын балансына өз ыктыяры менен өткөрүп берген.


Чүйдөгү бала бакча менен маданият үйү мамлекеттин менчигине кайтарылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан