ФИФА уюму футбол боюнча улуттук курама командалардын жаңыртылган рейтингин жарыялады. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты.
Андагы маалыматка ылайык, Кыргызстандын улуттук курамасы бир тепкичке жогору көтөрүлүп, учурда 1201 упай менен 105-орунда турат.
Уюмдун жаңыланган рейтингинде алдынкы топко Испания, Аргентина, Франция, Англиянын курама командалары кирген.