Чүй облусунда апасына зомбулук колдонуп жүргөн деген шек менен жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Сокулук районунун Күн-Туу айылында 36 жаштагы А.Н. аттуу жаран мас абалында өзүнүн 65 жаштагы апасына карата системдүү түрдө психологиялык басым көрсөтүп, физикалык зомбулук колдонуп жүргөн.
Бул факт каттого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин (Кыйноо) белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө учурунда шектүү буга чейин да өз энесине ушундай мүнөздөгү мыйзамсыз аракеттерди жасагандыгы аныкталган. Үй-бүлөлүк зомбулуктун үч фактысы боюнча райондук милиция тарабынан Бузуулар кодексинин 70-беренесине (Үй-бүлөлүк зомбулук) ылайык тиешелүү протоколдор түзүлгөн.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында А.Н. аттуу жаран ЖПКнын 96-беренесине ылайык камакка алынып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Соттун чечими менен ага камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.
Кылмыш ишинин алкагында бардык керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.