Биз социалдык тармакта

Саламаттык сактоо министрлиги сасык тумоонун алдын алуу үчүн айрым эрежелерди сунуштады

Саламаттыкты сактоо министрлиги сасык тумоонун алдын алуу үчүн жөнөкөй эрежелерди сактоону сунуштады.
  • респиратордук гигиенаны сактоо - жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө ооз жана мурунду салфетка менен жабуу жана аны туура жок кылуу;
  • организмдин өтө муздап же ысып кетишинен сактануу;
  • өзүн начар сезген адамдар дене табы жогоруласа же сасык тумоонун башка белгилери байкалса, өз убагында обочолонуу;
  • санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо (колду жуу, бөлмөлөрдү желдетүү, нымдуу тазалоо);
  • окуу жана эс алуу тартибин сактоо, ашыкча чарчоодон алыс болуу, таза абада көбүрөөк жүрүү, жетиштүү уктоо жана туура тамактануу;
  • таңкы гимнастика жана дене тарбия менен машыгуу;
  • эгер балада сасык тумоонун белгилери байкалса, аны мектепке же бала бакчага жөнөтпөө жана дарыгерге кайрылуу;
  • беткап тагынуу жана социалдык аралыкты сактоо.
КРВИ жана сасык тумоонун белгилери пайда болгондо өз алдынча дарыланбастан, катталган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу сунушталат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан