Бүгүн, 21-октябрда Бишкекте эртең мененки тыгында 3 сааттын ичинде жол эрежесин бузган айдоочуларга 465 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Лев Толстой менен Бакаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол тыгынын жөнгө салуу учурунда каршы тилкеге чыгып айдаган 31 айдоочу аныкталды.
Эрежени бузган айдоочулардын баарына тиешелүү протоколдор түзүлүп, жалпы 465 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.