Борбордук шайлоо комиссиясы кезексиз парламенттик шайлоого катышууну каалаган жарандардын арыздарын кабыл алууда. Бүгүнкү күнгө карата шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин саны 406га жетти.
БШКнын маалыматына таянсак, бүгүн, 21-октябрга карата 34 жаран БШКга арыз тапшырды. Алардын тизмеси:
- Төлөнөв Данияр Эрмекович, №9 (Өзгөн шаары), 25.04.1972-жылы туулган, Жогорку Кеңештин депутаты
- Султанов Токтосун Султанович, №23 (Бишкек шаары), 15.11.1975-жылы туулган, «Эмгек» саясий партиясынын төрагасы
- Токтомамбетов Аманкул Жапарбекович, №29 (Кочккор айылы), 08.01.1964-жылы туулган, пенсионер
- Жунусалиев Рамис Майрамбекович, №19 (Сокулук району), 06.06.1984-жылы туулган, Көк бөрү федерациясынын президенти
- Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевна, №29 (Кочккор айылы), 16.07.1969-жылы туулган, Жогорку Кеңештин депутаты
- Абыкеев Темирболот Асаналиевич, №29 (Кочккор айылы), 25.12.1984-жылы туулган, убактылуу иштебейт
- Чомоев Бакыт Муратбекович, №18 (Беловодское айылы), 08.05.1989-жылы туулган, убактылуу иштебейт
- Кимсанов Жеңиш Аманбаевич, №11 (Манас шаары), 07.05.1975-жылы туулган, “Юрфа” ЖЧКсынын коммерциялык директору
- Мамаев Жолдош Мамаевич, №28 (Жети-Өгүздүн Кызыл-Суу айылы), 12.10.1958-жылы туулган
- Сартпаев Эдик Өмүрзакович, №18 (Беловодское айылы), 28.04.1978-жылы туулган, Күн-Туу айыл аймагынын башчысы
- Султанкулова Алтынай Эркинбековна, №18 (Беловодское айылы), 18.04.1995-жылы туулган, Шопоков шаардык кеңешинин депутаты
- Кудайбергенов Борончу Молдокматович, №29 (Кочкор айылы), 24.05.1966-жылы туулган, жеке ишкер
- Асылбаева Гюльшат Кадыровна, №19 (Сокулук району), 27.08.1960-жылы туулган, экономика жана коммерция министиринин орун басары
- Солтонбекова Ализа Карыпбековна, №25 (Кант шаары), 05.04.1978-жылы туулган, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары
- Кулбаева Зулайка Эшматовна, №15 (Кербен шаары), 12.03.1970-жылы туулган, Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүндө усулчу
- Эсенканова Айзада Сатарбековна, №29 (Кочкор айылы), 27.03.1969-жылы туулган, “Бленд Групп плюс” ЖЧКсынын башкы бухгалтери
- Акунова Лира №22 (Бишкек шаары), 19.01.1965-жылы туулган, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты
- Тогузакова Айжан Абдиганыевна, №6 (Ош шаары), 25.06.1989-жылы туулган, С. Б. Данияров атындагы КТМИ жана кесиптик коллежинин окутуучусу
- Ботобаев Айбек Курманович, №26 (Токмок шаары), 02.02.1980-жылы туулган, ИИМ кызматкери
- Азыгалиев Нурланбек Асанбекович, №17 (Кара-Балта шаары), 30.08.1970-жылы туулган, Жогорку Кеңештин депутаты
- Курманбекова Бермет Курманбековна, №20 (Лебединовка айылы), 04.06.1987-жылы туулган, журналист
- Кайыпов Эржан Сулайманович, №24 (Кант шаары), 28.10.1986-жылы туулган, убактылуу иштебейт
- Каниметов Самат Каниметович, №22 (Бишкек шаары), 23.09.1994-жылы туулган, Пауэрлифтинг федерациясынын вице-президенти
- Сариев Улан Алмасбекович, №19 (Сокулук району), 17.11.1988-жылы туулган, убактылуу иштебейт
- Халилова Гүлназ Мажитовна №24 (Бишкек шаары), 06.04.1972-жылы туулган, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты
- Таштанбеков Акбөкөн Дукенович, №25 (Кант шаары), 17.05.1963-жылы туулган, Жогорку Кеңештин депутаты
- Ахмедова Айгүл Абдилхаевна №5 (Араван району), 24.07.1978-жылы туулган, жеке ишкер
- Токторов Мырзабек Сарыевич, №8 (Гүлчө айылы), 27.06.1983-жылы туулган, убактылуу иштебейт
- Байзаков Ильяс Касымбекович, №21 (Бишкек шаары), 02.10.1985-жылы туулган, жеке ишкер
- Исаматова Айзат Тыныбековна №27 (Чолпон-Ата шаары), 21.12.1985-жылы туулган, МИКте жетектөөчү адис
- Надирбеков Айтбай Эргешович, №2 (Кадамжай шаары), 25.05.1961-жылы туулган, Финансы министрлигинин Ички аудит кызматындагы башкы адис
- Эсенбаев Манарбек Байтокочович, №4 (Ноокат шаары), 06.07.1984-жылы туулган, Жергиликтүү кеңештин депутаты
- Султанова Салима Эргешовна, №5 (Араван району), 26.04.1979-жылы туулган
- Абжапарова Уултай Аманбековна, №9 (Өзгөн шаары), 26.07.1975-жылы туулган, Өзгөн шаардык БЧБнын директору
Белгилей кетсек, кезексиз парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин арыздары 30-октябрга чейин кабыл алынат. Ал эми шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген.