Биз социалдык тармакта

ИИМ Екатерина Биволдун видеосу боюнча алдын ала иликтөө иштерин баштады

Ички иштер министрлиги ар кандай улут өкүлдөрүнө карата кемсинткен сөздөрдү камтыган видеонун таралышы боюнча алдын ала иликтөө иштерин баштады. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.

Буга чейин интернет тармагында мушкер Дмитрий Биволдун мурунку аялы Екатерина Биволдун ар кандай улут өкүлдөрүнө карата кемсинткен сөздөрдү айткан видеосу тараган.

"Мындай аракеттерге жол берилгис жана улуттар аралык сый-урмат жана сабырдуулук принциптерине карама-каршы келет. Ар бир жаран адеп-ахлак жана мыйзам нормаларын сактоого, кастык козутууга жол бербөөгө милдеттүү", - деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда аталган факты катоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Интернет колдонуучулары буга байланыштуу Екатерина Биволдун Инстаграм баракчасына нааразычылыктарын билдиришти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан