Бишкекте жол ортосунда жаңжалдаша кеткен айдоочуларга чара көрүлдү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Буга чейин социалдык тармактарда Mercedes-Benz Sprinter жана Kia K7 үлгүсүндөгү автоунаалардын айдоочуларынын катышуусундагы жаңжал тартылган видео тараган.
Мекеме билдиргендей, алардын ортосунда чыккан кайым айтыш урушка айланып кеткен.
Анын натыйжасында башка унаалардын кыймылына тоскоолдук жаралган. Мындай абалга себепкер болгон айдоочуга карата укук бузуу фактысы боюнча протокол түзүлдү.