Стамбулдун тургуну аялы менен ажырашып, анын эки мышыгына алимент төлөй турган болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, жубайлар эки жыл чогуу жашашкан. Ажырашуусуна түшүнбөстүктөр себеп болгон.
Белгилүү болгондой, түгөйлөр үйлөнгөн учурда эки мышык багып алышкан. Ажырашкандан кийин мышыктар аялда калган. Көп өтпөй Стамбул үй-бүлөлүк соту мышыктар үчүн күйөөсүнө 10 жыл бою үч ай сайын 10 миң түрк лирасын (болжол менен 21 миң сом) төлөп турууга өкүм чыгарган.