Кара-Балтада окуучу балдар оор жүк ташуучу унаага тебеленип каза болгон кырсыктын видеосу тарады. Аталган окуянын видеосу турак үйдүн байкоочу камерасына түшүп калган.
Видеодон балдар жүк ташуучу унаа менен чиркегичтин ортосундагы темирге жармашып алышканын көрүүгө болот.
Чүй ОИИББинин буга чейинки берген маалыматында, окуя 13-октябрда болжол менен саат 18:30 чамасында болгон. Анда Камаздын айдоочусу 7 жана 8 жаштагы жеткинчектерди тебелеп кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен балдар окуя болгон жерде каза болушкан. Ал эми 69 жаштагы айдоочу бир айга камакка алынган.