Бишкектеги Asia Mall соода борборунун жанынан унаа сүзүп кеткен 3 жашар наристе чарчап калды. Маалыматты Милициянын кайгуул кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, кырсык 2 күн мурун, тагыраагы, 20-октябрда саат 18:40 чамасында Айтматов-Алтымышев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда GMC ACADIA үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан 39 жаштагы киши наристени сүзүп алган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) 3-бөлүмү (Этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирү) менен кылмыш иши козголгон.
Кайгуул кызматы айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин кошумчалады.