Кыргызстанда эки күн жумуш убактысы бир саатка кыскарат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 7-8-ноябрь күндөрү эмгек мыйзамдарынын жоболоруна ылайык, жумуш убактысы бир саатка эрте жыйынтыкталат.
"Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү - мамлекеттик майрам күндөрү болуп саналат",- деп билдирди министрлик.