Кыргызстандык балбан Нурзат Нуртаева Сербиядагы мелдеште чейрек финалга чыкты

Кыргыздын балбан кызы Нурзат Нуртаева Сербиянын Нови-Сад шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасындагы эркин күрөш жана грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиондугунда чейрек финалга чыкты.

Анын алгачкы атаандашы германиялык Лаура Кёлер болду. Аны кыргыз балбан кызы 6:1 эсебинде жеңип алды. Нуртаева 72 килограммдык салмак ченинде күч сынашууда.

Айта кетсек, Нурзат сентябрда Хорватияда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунан коло медаль алып келген.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан