Эртең, 23-октябрда Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Ал эми өлкөнүн башка аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +20 ... +25, Талас жергесинде +19... +24, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +21... +26, Ысык-Көлдө +12 ... +17, Нарында +12... +17 градус болот. Бишкек шаарында күндүн табы +22... +24 градуска жетет.