Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу World Boxing уюмунун 17-октябрда жарыяланган жаңыланган дүйнөлүк рейтингинде 60 килограмм салмактагы категорияда 3-орунду ээледи. Анын активинде Париж Олимпиадасында алган 2-орун үчүн 975 упай бар.
Ошондой эле 70 килограмм салмак категориясындагы Ихтияр Нишонов 7-орунда, ал эми 75 килограмм салмак чениндеги Нурадин Рустамбек уулу 11-орунда турат.
Рейтингге World Boxing Challenge, дүйнөлүк кубоктор, дүйнө чемпиондуктарв жана Олимпиада оюндарындагы упайлар эсепке алынган. Келечекте континенталдык чемпиондуктардагы жетишкендиктер да рейтингге кошулмакчы.